Жаңылыктар
Джунда заводдун ишинин токтотулушу сынга кабылды
Экономика
Джунда   заводдун ишинин  токтотулушу сынга кабылды

Кара-Балтадагы  мунайды  кайра  иштетүүчү  заводдун  ишинин  токтотулушу  көпчүлүк  эл  өкүлдөрүнүн  сынына  кабылды.   Өлкө  бюджетине  салым  кошуп   жаткан   мындай    ири    ишканалардын   токтотулушуна  кылдат  көңүл  бөлүү    керек,  анткени завод  токтогондон  кийин   аны   кайрадан  иштетүү    ири  чыгымга  алып  келээрин     айткан  депутаттар   өкмөткө  териштирүү иштерин  жүргүзүүнү  талап  кылды.

 Эске  салсак,   Джунда   заводунда алты маркадагы бензин, дизель отуну жана суюлтулган газ чыгарылат. Жумушчу орундардын саны - 600 адамга чейин. Ишкананын өндүрүш кубаттуулугу - 850 миң тонна чийки мунайды жыл сайын иштете алат. 250 млн доллар инвестиция салынган. Ишкананын долбоордук баасы 300 млн долларды түзөт. Өндүрүлгөн продукциянын 70 пайызы ички базарга, ал эми 30 пайызы Тажикстан менен Афганистанга экспорттолот.