Эгемендик күнүнө карата өлкөдө 40ка жакын өнөр жай ишканасы ачылып, 50дөн ашуун социалдык объект пайдаланууга берилет.
31-августта ачылчу 50дөн ашык социалдык мекемелердин катарына мектептер, бала бакчалар, медициналык, спорттук жана маданий жайлар кирет.
40ка жакын ишканалардын ичинде ГЭСтер, курулуш материалдарын чыгаруучу заводдор, соода-логистикалык борборлор, текстиль фабрикалары жана башка ишканалар бар.
Кара-Кыргыз автоном облусу түзүлгөнүнүн жүз жылдыгынын урматына быйыл Кыргызстанда 100 өнөр жай ишканасы менен 100 социалдык мекеме ачуу пландалган.