Ош шаарындагы бир бала бакчанын кызматкери ата-энелерден 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Ал бала бакчага бир кызды кабыл алуу үчүн ушунча өлчөмдөгү акча сураган.
ИИМдин 29-августтагы маалыматына караганда, бул факты боюнча 251-берененин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.
УКМК буга чейин мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуу иштерине көзөмөл күчөтүлөрүн, пара алгандар менен кошо пара бергендер да жоопко тартыларын эскерткен.