Жаңылыктар
Минскте Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган кече өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Минскте Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган кече өттү

Минск шаарында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу кече өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандын элчиси Эрбол Султанбаев иш-чараны ачып жатып, Көз карандысыздык күнү Кыргыз Республикасынын негизги мамлекеттик майрамы экенин, ал эми Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы – кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусундагы маанилүү мааракелик дата экенин белгиледи.

Ал ошол жылдардагы кыргыз элинин тарыхына токтолуп, кыргыздын чыгаан инсандары Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков, Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов жана башкалардын өзгөчө ролуна токтолду.

Элчи белгилегендей, кыргыз эли өзүнүн көп кылымдык тарыхый жолунда Улуу Кыргыз каганатын куруп, мамлекеттүүлүгүбүз бирде жанып-бирде өчүп, кайра калыбына келген ар кандай доорлорду баштан кечирген. Бирок кыргыз эли кандай гана кыйынчылыкка кабылбасын, улуттук иденттүүлүгүн, маданиятын, каада-салтын сактап келген.

Элчи Эрбол Султанбаев иш-чарага катышкандардын баарына ыраазычылык билдирип, Минск шаарындагы “Достук үйүнүн” жана “Кыргызстан-Беларусь” достук коомунун жетекчилерине улуттук белектерди тапшырды.

Салтанаттуу кечеде Беларусь парламентинин депутаттары, коомдук, маданият жана илим ишмерлери, коомдук уюмдардын, “Достук үйүнүн” жана “Кыргызстан-Беларусь” достук коомунун өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Ошондой эле Кыргызстан тууралуу даректүү тасмалар көрсөтүлүп, ар кандай чыгармачыл топтор майрамдык маанай тартуулашты.