Бүгүн, 2024-жылды 30-августунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Энергетика министрлиги тарабынан 7 обьектинин ачылыш аземи онлайн режиминде өткөрүлдү.
Маалыматка караганда, Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана биринчи орун басары К.Өмүрбеков “Камбар-Ата-1” ГЭСинин туннели толук казылып бүткөндүктөн, ачылыш аземине катышты. Туннелдин бургулоо-жаргылоо жумуштары 2023-жылдын апрель айында башталган. Бүгүнкү күндө толугу менен ийгиликтүү казылып бүттү.
Ал эми энергетика министринин орун басары Н.Керимов Ош облусундагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын “Загара-2” көмүр кенинин ачылыш азменине катышты.
Ачылышы болгон өнөр жай ишканасынын тизмесин төмөнкүлөр толуктайт:
Камбар-Ата-1 ГЭСинин туннели толук казылып бүттү. Туннелдин жалпы узундугун 1387.17 метрди түзөт. Советтер Союзунун тушунда 1262 метр казылып, 126 метр калган. Калган бөлүгүн казуу иштери бир жыл, төрт айда бүттү. Казуу иштеринде жалпы “Нарынгидроэнергострой” ААКтан 56 жана субподрячике “Кыргыз ГССтен” 20 жумушчу иш алып барды. Бул туннел аркылуу транспорт каттамы менен Камбар-Ата-1 ГЭСине керектүү баардык жабдыктар жеткирилет.
“Кыргызстан УЭТ” ААКтын филиалы - Жалал-Абад электр тармактар ишкансына караштуу Сузак энергия сатуу ишканасынын жаңы административдик имараты жаныланды. Курулушка “КУЭТ” ААКтын өздүк эсебинен 14 млн. 500 миң сом каражат бөлүнгөн. Ал эми “Ширин Бизнес Групп” жоопкерчилиги чектелген коом менен 14 млн 700 миң сомго келишим түзүлүп, сапаттуу курулуш бүттү. Жаңы имарат 2 кабаттан, 8 бөлмөдөн турат. Мында кызматкерлердин иштөөсүнө да, керектөөчүлөрдү сапатуу тейлөөдө да ыңгайлуу шарт түзүлдү.Сузак электр энергиясын сатуу ишканасы Сузак районундагы 5 айыл өкмөттөн 36 764 керектөөчүнү тейлейт.
"Кыргызстан УЭТ" ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасынын базасында темир-бетон чыгаруучу цех ишке берилди. Цехтин жалпы аянты 396 м² , колдонулуп жаткан жабдуулар заманбап жана жогорку өндүрүштүк кубаттуулукка ээ. Ишканада 5 кызматкер эмгектенип, азыркы тапта айына СВ-95 жана СВ-105 үлгүсүндөгү 120 даана темир - бетон мамычалар чыгарылууда. Жылына 1500 даана өндүрүү пландалууда. Мындан тышкары, трансформатордун алдына коюлуучу шакекче (кольцо), кабель жатуучу каналдар жана трансформатордун айланасындагы тосмолорду чыгаруу пландалууда. Аталган темир-бетон цехи капиталдык курулуштун эсебинен салынып 33 314 910 сомду түздү.
«Урмизан-3» участогу. Ачык жол менен көмүр казып алуу кени ишке кирди. "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кара-Бак айыл аймагынан мамлекеттик "Урмизан-3" көмүр кенинин расмий ачылуу аземин өткөрду . Көмүр кендин менчик түрү, 100% мамлекеттик үлүштө болуп, инвестициялык долбоордун көлөмү 3 000 000 АКШ долларын түзөт. Көмүр кенде жумушчулардын саны 26ны түзүп, аянты 5 ганы түзөт.
"Загара 2" көмүр кени ишке кирди. "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагынан мамлекеттик көмүр кен, "Загара 2" көмүр кенинин расмий ачылуу аземин өткөрдү. Көмүр кен 100% мамлекеттин карамагында болуп, инвестициялык долбоордун көлөмү 5 000 000 АКШ долларын түзөт. Көмүр кенинде жумушчулардын саны 77 адам, аянты 16,78 гектарды түзөт.
Исфайрам чакан ГЭС ишке кирди. Исфайрам-1” чакан ГЭСи “Ак-Буура Групп” жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан ишке ашырылган. Баткен облусунун, Кадамжай районун, Майдан айыл аймагындагы Аустам участогунда жайгашкан. Жалпы кубаттуулугу 4 МВт, электр энергиясын өндүрүүсү жылына 3,5 млн. кВт/с. түзөт Инвестициялык долбоордун көлөмү 3 000 000 АКШ доллар.
Курак- Тектир чакан ГЭС ишке кирди. “Курак-Тектир” чакан ГЭСи “Кара Кой Жарыгы” жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан ишке ашырылган. Ош облусунун, Ноокат районун, Гулистан айыл аймагындагы Курак-Тектир участогунда жайгашкан. Жалпы кубаттуулугу 0,6 МВт, электр энергиясын өндүрүүсү жылына 34,56 млн. кВт/с. түзөт. Инвестициялык долбоордун көлөмү 600 000 АКШ доллар.