Жаңылыктар
Садыр Жапаров: Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 объекттин курулушу - биз үчүн тарыхый жактан маанилүү
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров: Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 объекттин курулушу - биз үчүн тарыхый жактан маанилүү

"Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 объекти куруунун алкагында бир катар жаңы өнөр жай ишканаларынын, социалдык объектилердин ачылышы – биз үчүн тарыхый жактан өтө маанилүү учур", – деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта Кемин районундагы "Терек-Таш" клинкер заводунун ачылышында сүйлөп жатып.

Төмөндө мамлекет башчысынын сөзүнүн толук тексти берилет:

"Ардактуу мекендештер!

 Бүгүнкү салтанаттын урматтуу катышуучулары!

Биз быйыл Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 33-жылдыгы менен кошо азыркы Кыргызстан башат алган Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын да салтанаттуу белгилеп жатабыз.

 Биз үчүн Эгемендик – абдан маанилүү, абдан кымбат улуу күн! Анткени бабаларыбыз дал ушул эгемендик үчүн кашык каны калганча салгылашып, Ата Мекен, эл-жер жана урпактардын келечеги үчүн жан кыйышкан. Ал эми Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана башка мамлекеттүүлүктү түптөгөн аталарыбыз ары татаал, ары курч саясий күрөштөргө өз өмүрлөрүн тобокелге салып жүрүп, Кара-Кыргыз автономдуу облусун түзүшкөн. Дегеле биздин ата-бабаларыбыз кылымдар бою турмуштун түрдүү сыноолоруна туруштук берип, алысты көрө билген, эрктүү, чечкиндүү, беттегенинен кайтпаган мыкты сапаттары менен кыйын кырдаалдардан чыгып, улуу дөөлөттөрдү курууга жетишкен.

 Азыр биз жаш мамлекетпиз деген менен, карт тарыхтын барактарына саресеп салсак, кыргыздар ондогон кылымдар мурун эле цивилизациялуу эл катары таанылган. Демек, биздин ата-бабаларыбыз байыртадан эле каада-салт, нарк-насил сыяктуу элдик кодекстер менен жашаган көрөңгөлүү улуу журт болгон. Дилинде айкөлдүк сапат уюган, кең пейил, аруулукка, улуулукка баа берген, айлана-чөйрөгө, табиятка аяр мамиле кылган бабаларыбыз бизге бүгүнкү кереметтүү Кыргызстанды мурас кылып калтырышкан экен. Биз аталардын аманатын ыйык сактайбыз жана жаратылышы кооз, кен байлыктарга мол өлкөбүздү өнүктүрүп-өстүрүп, урпактарга татыктуу калтырып кетүүнү башкы милдетибиз деп билебиз! Мына ошондуктан өлкөбүздүн жана кийинки муундун келечеги үчүн Кыргызстандын экономикасынын тез өсүшүн камсыз кылышыбыз керек.

 Урматтуу замандаштар!

Бул максаттарды, аруу тилектерди жүзөгө ашыруу үчүн бюджетибизди арттырууга, экономикалык шарттарды түзүүгө болгон иш-аракетибиз оңунан чыгып, бир катар олуттуу тармактар боюнча иштерди ийгиликтүү баштаганбыз. Салык мыйзамдарын жеңилдетип, ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түздүк. Бул аракеттерибиздин акыбети кайтып, чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымын камсыз кылды.

Көптөгөн жылдар бою ар кандай себептер менен ишке ашпай келген Камбар-Ата-1 ГЭСи жана деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү болгон Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашырууга белсендик. Буюрса, аталган инфратүзүмдүк долбоорлор өлкөнүн өнүгүшүнө олуттуу түрткү берет. Ошону менен катар, биз гидро потенциалга ээ болуп турганда, электр энергиясын импорттоону кескин түрдө кыскартуубуз кажет. Жараткан берген сууну туура пайдаланып, электр кубатын өндүрүүнү жогорулатып, элибизди камсыз кылууга милдеттүүбүз. Кудай буюрса, кийинки жылдары экспорттук тизмеге электр энергиясын экспорттоо дагы кошулат деген аруу тилегибиз бар. Мына ушундай жетишкендиктер менен биз экономикабыздын өнүгүүсүн далилдеп келебиз. Азыр биздин экономикалык абалыбыз кыйла жакшырып калды десек болот. Буга БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттериш мырзанын берген баасы да күбө.

Кыргызстандын экономикалык өсүшү туруктуу өнүгүүнү көрсөтүүдө – ички дүң продукциянын орточо өсүү темпи акыркы үч жылда 7 пайыздан кем болгон жок. Ал эми 2024-жылдын январь айынан июль айына чейинки мезгилде экономиканын өсүү темпи 8,7 пайызга чейин чыгып, 677 млрд сомду түздү. Өлкөнүн бюджети олуттуу өсүштү көрсөтүп, акыркы үч жылда 2 эсе көбөйдү. 2020-жылы өлкөнүн консолидацияланган бюджети 247,7 млрд сомду түзсө, 2023-жылы бюджеттин ресурстары 577,2 млрд сомго жетти. 2024-жылдын соңуна чейин 650 млрд сомдун чегинен өтөрүнө ишенем. Ошону менен бирге, өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүн узак мөөнөттө сакташ үчүн биз 2030-жылга ички дүң продукциябыздын көлөмүн 30 млрд АКШ долларына жеткиребиз деген дымактуу максат коюп жатабыз.

Урматтуу мекендештер!

Бүгүнкү күндө дүйнө өзүнүн тарыхый өнүгүүсүнүн татаал этабын баштан кечирүүдө. Биз мындай глобалдуу өзгөрүүлөр болуп жаткан маалда боло туруучу көйгөйлөрдү аныктап, тиешелүү чараларды, ыкчам чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү болушубуз керек. Өнүккөн экономика – мамлекеттүүлүктүн жана эгемендүүлүктүн кепилдиги болоорун эсибизге бекем түйүп, бардык дитибизди ушул тармакка бурушубуз абзел. Мындан улам, өткөн жылдын соңунда “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” жарлыкка кол коюп, аткаруу бийлик органдарына тиешелүү тапшырмаларды берген элем.

Мына ошол тапшырманын негизинде азыркы Кыргызстан башат алган Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгынын урматына реалдуу сектордун жана социалдык тармактын бир катар обьектилерин ачканы турабыз. Ушу тапта биз Кемин районудагы “Терек-Таш” цемент чыгаруучу заводдун ачылышында күбө болуудабыз. Бул заводдун ачылышы менен катар эле Кадамжайда “Исфайрам-1”, Ноокатта “Курак-Тектир” чакан ГЭСтери, Ат-Башыда “Кара-Булак” соода-логистикалык аймагы, эт комбинаты, Нарында “Миң-Булак” курулуш материалдар ишканасы, Жайылда “Жунда” мунай заводу, Кара-Балтада алтын куймаларын чыгаруу заводу, Сузакта мунайды кайра иштетүүчү завод, Чаткалда алтын иргөөчү фабриканын жана башка ушуга окшогон бир катар өндүрүш ишканалардын бир учурда ачылышына күбө болобуз.

Ошондой эле жаңы мектептерди, мектептерге кошумча имараттарды, бала бакчаларды, спорт залдарды расмий ачып, келечек ээлери болгон балдарыбызды кубандырганы турабыз. Ардактуу кыргызстандыктар! Бүгүн биз жөн гана жаңы завод-фабрикаларды ачпастан, өлкөбүздүн өнөр жайында көз карандысыздыкты камсыз кылган жаңы доордун башталышын да белгилеп жатабыз. Бул ишканалар жаңы жумуш орундарын түзүп, экономиканын өсүшүнө, элдин жашоо сапатынын жакшырышына жана өлкөнүн технологиялык деңгээлинин көтөрүлүшүнө зор салым кошот.

Жаңы ачылган ишканалар прогресстин символу болуп, келечекте өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, ал эми жаңы ачылган мектеп, бала бакчалар билим сапатын арттырууга жол ачат деп ишенем. Учурдан пайдаланып, өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган долбоорлордун ишке ашуусуна салым кошкон бардык тараптарга ыраазычылык билдире кетейин. Бүгүнкү биз ачып жаткан 100 объекти ар бир жарандын жашоосун өзгөртүүгө жана экономикалык жылышка негиз болоруна толук ишенем. Бир эле мисал, “Терек-Таш” цемент заводу жана курулуш материалдарын өндүрүүчү ишканалар өз убагында турак жай менен камсыз кылууга бекем негиз болуп берет. Курулуш секторундагы мындай кескин жандануу инвестицияларды тартуу үчүн позитивдүү сигнал болуп саналат. Ал эми айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканалар өлкөбүздүн тамак-аш коопсуздугун бекемдөөдөн сырткары, экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө да мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле ачылып жаткан электр кубатын өндүрүү объектилери болсо өлкөбүздүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууга багыт аларын баарыбыз жакшы билебиз. Бүгүн биз реалдуу сектордогу объектилер менен эле чектелбестен, жаштардын руханий жана моралдык өсүшүнө багытталган жайларды ачып жатабыз. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 объекти куруунун алкагында бир катар жаңы өнөр жай ишканаларынын, социалдык объектилердин ачылышы – биз үчүн тарыхый жактан өтө маанилүү учур.

Баарыңыздарды бүгүнкү жагымдуу саамалыктар коштолгон Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм!

Эртеңки Эгемендик майрамыңыздар менен!”.