Жаңылыктар
Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна 100 жыл. Ошто 16 соцобъект ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна 100 жыл. Ошто 16 соцобъект ачылды

30-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев тарабынан Ош облусу боюнча 4 мектеп, 2 бала бакча жана 10 турак үйдүн онлайн ачылыш аземи болуп өттү.

Алар: 

•Алай районунун Кум-Шоро айылындагы 100 орундуу №32 Кум-Шоро мектеп; 

•Кара-Суу районунун Ачы айылындагы 225 орундуу мектеп;

•Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылындагы 60 орундуу бала бакча;

•Ноокат районунун Караке айылындагы Б.Абдиев атындагы 150 орундуу мектеп;

•Өзгөн районунун Кыймыл айылындагы 60 орундуу бала бакча;

•Өзгөн районунун Чымбай айылындагы № 54 Т.Сарыков атындагы 375 орундуу мектеп;

•Афганистандан келген этникалык кыргыздар үчүн 20 үй-бүлөгө ылайыкталган 10 турак үй пайдаланууга берилет.