Жаңылыктар
Бишкекте мыйзамсыз жүргөн 40тан ашуун чет өлкөлүк жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте мыйзамсыз жүргөн 40тан ашуун чет өлкөлүк жаран кармалды

Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун алдында УКМК тарабынан пландуу фильтрациялык иш-чаралардын натыйжасында виза мөөнөтү өтүп кеткен 42 чет өлкөлүк жаран аныкталганын бүгүн аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. 

Алардын жетөө Пакистандын, калган отуз беши Бангладештин жарандары.

       Тартип бузгандар ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын аймактык бөлүмдөрүнө тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу жана өлкө чегинен тышкары депортациялоо үчүн өткөрүлүп берилди.