Жаңылыктар
Камчыбек Ташиев: «Ынтымак Ордону» көрөм дегендерге эшик ачык
Кыргызстан жаңылыктары
Камчыбек Ташиев: «Ынтымак Ордону» көрөм дегендерге эшик ачык

2-сентябрдан баштап каалагандар үчүн жумуш күндөрү күндүзгү убакта, жаңы салынган Президенттик администрациянын «Ынтымак Ордо» имаратынын эшиги ачык болот. Алар үчүн экскурсия уюштурулат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, социалдык баракчасы аркылуу билдирди. 

Атайын кызматтын башчысы бул үчүн тиешелүү сектор ачып, үч кызматкерди даярдап койгонун кошумчалады. Алар келген элди экскурсия кылдырат. Ынтымак ордону көрүүгө келген жарандар сөзсүз түрдө күбөлүк документин ала келиши зарыл. Экскурсия бир жаранга бир эле жолу болот. Камчыбек Ташиев мындай пикирин Президенттик администрациянын имараты тегерек чети тосмо менен курчалганы боюнча талкуу кылып жаткандарга жооп катары айтты.