Жаңылыктар
Акылбек Жапаров "Ынтымак Ордодо" биринчи аппараттык кеңешме өткөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров "Ынтымак Ордодо" биринчи аппараттык кеңешме өткөрдү

 Президенттин администрациясынын “Ынтымак Ордо” жаңы имаратында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров биринчи аппараттык кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери, калктын жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган стратегиялык демилгелерди ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле президенттик администрациясынын үстүбүздөгү жумадагы иш планы талкууланды.

"Президенттик администрациянын жаңы имаратынын ачылышы – жаңылануунун символу. Жаңы имаратта иштөө бул жөн эле жер алмаштыруу эмес, бул мамлекетибиздин тарыхынын жаңы барагы. Элибиздин бакубат жашоосу үчүн жан-дили менен иштөөгө милдеттүүбүз", - деди Акылбек Жапаров.

Жыйынга президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери жана президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү видеоконференция аркылуу катышты.