Жаңылыктар
Жогорку Кеңеште жаңы 5 депутат ант берди
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку Кеңеште жаңы 5 депутат ант берди

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы беш депутат ант берди. Алар Айжигит Тыналиев, Бакытбек Марипов, Арсланбек Эгембердиев, Аккулу Бердиев жана Эрнис Айдаралиев. Парламенттен билдиришкендей, Айжигит Тыналиев №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округунан, Бакытбек Марипов №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округунан, Арсланбек Эгембердиев «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан, Аккулу Бердиев «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан, Эрнис Айдаралиев «Ыйман Нуру» саясий партиясынан шайланды.