Жаңылыктар
Өлкөдөгү мектептерде биринчи коңгуроо кагылды
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдөгү мектептерде биринчи коңгуроо кагылды

Өлкөдөгү мектептерде биринчи коңгуроо кагылып, жаңы окуу жылы башталды. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, республика боюнча 2173 мамлекеттик, 204 жеке менчик мектеп бар. 

Анда 1,5 млнго жакын окуучу билим алып, 90 миңден ашуун мугалим эмгектенет. 2024-жылы 431 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 27 жаңы мектеп курулду. Быйыл 1-сентябрь дем алыш күнгө туура келгендиктен, жаңы окуу жылы 2-сентябрда башталды.