Жаңылыктар
Дарыгерлердин айлыгы дагы көтөрүлдү
Экономика
Дарыгерлердин айлыгы дагы көтөрүлдү

Ушул айдын башы - 1-сентябрдан тарта өлкөдө медицина кызматкерлеринин айлык акысы дагы элүү пайызга көтөрүлгөнүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Биринчи радиодогу маегинде билдирди.

Анын айтымында, азыр эң төмөнкү айлык акы Бишкек менен Ош шаарында. Бул эки шаарда учурда жаш врачтар 24 миң, көп жыл иштеген дарыгерлер 35 миң сом айлык алат. Калган аймактарда соңку көбөйтүү менен медицина кызматкерлеринин маянасы 50 миңден 70 миң сомго чейин чыгууда.

Мисалы педиатрдын маянасы буга чейин 35 миң сом болсо, 1-июлдан тарта жетишпеген адистиктеги дарыгерлерге кошулган 20 миң сомдук компенсацияны кошо эсептегенде 55 миң болот. Эми 50% кошулганда алардын айлыгы жалпысынан 78-80 миң сомду чамалайт.

Жаш врачтар буга чейин 16 миң сом алса, сентябрдан тарта 26 миң сом айлык алат.

Акыркы үч жарым жылдын ичинде Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин маянасы ушуну менен төртүнчү жолу көтөрүлдү.