Ички иштер министрлигине 100 кызматтык унаанын ачкычы тапшырылды.
Иш-чара Бишкек шаарында өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Ички иштер министри Улан Ниязбеков жана милиция кызматкерлери катышты.
Анда министр жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн дрондор алынып жатканын белгиледи.