Жаңылыктар
Бишкек шаарында 100 миң көрүүчүнү батыра турган аянт курулат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарында 100 миң көрүүчүнү батыра турган аянт курулат

Бишкек шаарында 100 миң көрүүчүнү батыра турган аянт куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, жаңы аянтты салуу маселеси 31-августта Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган иш-чарадан кийин көтөрүлдү. Себеби иш-чара күнү борбордук аянттка чогулган элдин көптүгү себеп болду. Белгилей кетсек, Эгемендүүлүк майрамында борбор калаада өткөрүлгөн маданий иш-чарага 80 миңдей адам келгени айтылган эле. Маалыматтар боюнча, Ала-Тоо аянтты мындан 40 жыл мурда курулган.