Жаңылыктар
“Бедел” өткөрүү пункту ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
“Бедел” өткөрүү пункту ачылды

Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасындагы жаңы “Бедел” өткөрүү пунктунун ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз баштаган эки тараптын делегация мүчөлөрү катышты.

Алгач ачылуу аземинде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен КЭР Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй видео кайрылуу жасады.

Анда минкаб төрагасы Акылбек Жапаров бул иш-чараны ишке ашыруу эки мамлекет башчыларынын – Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин макулдашуусунун аркасында мүмкүн болгонун жана кыргыз-кытай мамилелеринин тарыхынын жаңы барагы ачылганын билдирди

“Бедел” өткөрүү пункту — мындан аркы экономикалык кызматташтыктын дарбазасы гана болбостон, биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достуктун жана өз ара урматтоонун көпүрөсү болуп калат. Жакынкы келечекте Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү жана жүргүнчүлөрдү ташуу көлөмүн көбөйтүүнү камсыз кылган эл аралык маанидеги маанилүү транспорттук-логистикалык коридорго айланарына ишенем”, - деди Акылбек Жапаров.

Ал эми Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү Ма Синжуй, “Бедел” өткөрүү пунктунун ачылышы эки өлкө ортосундагы жакшы коңшулук жана стратегиялык мамилелерге олуттуу салым кошоорун белгиледи.

Андан соң ачылуу аземинде сөз сүйлөгөн минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, бул жаңы транспорттук коридор, “Эркечтам” жана “Торугарт” менен катар, Кыргызстан менен Кытайды байланыштырган үчүнчү ири дарбазасы жана көпүрөсү болуп, мындан да тыгыз өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу менен учурдагы каттамдардын кулачын кеңейтээрин билдирди.

“Керемети төгүлгөн Ысык-Көл облусу менен бакубаты арткан Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун чегинде орун алган бул өзгөчө долбоор Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдайт. Кыска убакыттын ичинде опол тоодой көп иштер жасалды. Алдыда дагы көп иштер турат. Бул биздин чоң жолубуздун башталышы гана болуп саналат”, — деди минкаб төрагасынын орун басары.

Өз сөзүндө СУАРдын Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз, бул өткөрүү пунктунун ачылышы менен кыргыз-кытай мамилелеринин жаңы баскычына жол ачылганын, жаңы долбоорлорду жана мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эки элдин бакубатчылыгына жана гүлдөп-өнүгүүсүнө кызмат кыларына ишенимин билдирди.

Белгилей кетсек, “Бедел” өткөрүү пункту жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте убактылуу шарттарды түзүү менен ачылышы болду. Азыркы учурга карата, электр чубалгылары тартылган, өткөрүү пунктуна алып барган “Барскоон-Учтурфан-Аксу” унаа жолунун 58 чакырымына убактылуу жол салынып, көпүрөлөр курулган.

Ал эми толук кандуу эл аралык стандарттарга ылайык, унаа жолу, бажы жана чек ара инфраструктурасын түзүү 2027-жылга чейин эки тараптуу биргелешип ишке ашырылат. Ошондой эле, эки жылдын ичинде “Цемент-Там” участогунда толук кандуу заманбап инспекциялык текшерүү комплексинин курулушу пландалууда. Алдыда аткарыла турган иштер тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан презентация жасалды.