Жаңылыктар
Жол кырсыгынан каза тапкандардын көбү жаштар
Кыргызстан жаңылыктары
Жол кырсыгынан каза тапкандардын көбү жаштар

Акыркы үч жылда каза болгон жаш жарандардын 70 пайызы жол кырсыктарынан ажал тапкан. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспектору Байгазы Айтикул уулу Биринчи радиодогу маегинде билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыктарынын кесепеттеринен каза болгондордун көпчүлүгү ишке жарамдуу, физикалык жактан активдүү, 25 жаштан 45 жашка чейинки жарандар.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгына караганда, жол кырсыктарынын көбөйүшүнө негизинен айдоочулардын жоопкерчиликсиз мамилеси себеп болууда. Маселен, каршы тилкелерге чыгып алуу, катуу ылдамдыкта айдоо, мас абалында унаа башкаруу сыяктуу көрүнүштөр адам өмүрүн алган жол кырсыктарына алып келүүдө.

Анын алдын алуу үчүн буга чейин катуу ылдамдык менен унаа башкаргандарга 15 миң сомго чейин айып пул каралган. Мас абалында унаа айдагандарга 17 500 сом айып пул жана бир жыл унаа башкаруу укугунан ажыратуу нормалары киргизилген.

Жыл башынан бери өлкө аймагында жалпы 4345 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 420 жаран каза болгон. Жаракат алгандардын саны 6384.

Өткөн жылга салыштырмалуу адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары быйыл жыл башынан бери алты пайызга азайган.