Жаңылыктар
Токтогулда бир катар объекттер менен жер тилкелери мамлекеттке кайтарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Токтогулда бир катар объекттер менен жер тилкелери мамлекеттке кайтарылды

Токтогул районунда мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бир катар социалдык объектилер жана жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды. Атайын кызматтан билдиргендей, жалпы аянты 1,3 га болгон "Токтогул" автобекети мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Ал 2009-жылы мыйзам бузуу менен жеке адамга төмөндөтүлгөн баа менен сатылып кеткен.

Автобекеттин базар баасы 63 миллио 817 миң сомго бааланууда. Мындан тышкары Токтогул районунун Торкен айылында жайгашкан мурда мыйзамсыз менчиктештирилген 2342,8 м2 соода комплекси да мамлекеттин балансына кайтарылды. Анын базар баасы 4 миллион 155 миң сомду түзөт. Ошондой эле, Токтогул шаарынын мэриясынын балансына А.Козубеков атындагы паркынын аймагында жайгашкан 1,49 га жер тилкеси менен жайкы кинотеатр мамлекетке өткөрүлүп берилди, анын базар баасы 73 миллион 610 миң сомду түзөт. Муну менен катар "Тайбала-Кечүү" тилкесинде жайгашкан 2 га көп жылдык көчөттөрү бар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Жер тилкесинин базар баасы 7 млн. сомду түзөт. Учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана ишканаларды аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштер улантылууда.