Жаңылыктар
Түптүн эки айылында 100 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Түптүн эки айылында 100 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Михайловка жана Кең-Суу айылдарында 100 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Михайловка айылындагы бала бакчанын курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланды. Имарат эки кабаттуу 947 чарчы метрди түзөт. Ал эми Кең-Суу айылындагы 100 орундуу бала бакчанын курулушу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланган. Объекттин жалпы аянты 946 чарчы метрди түзөт.