“Социалдык келишим” долбоорун ийгиликтүү ишке ашырган катышуучуларга эми эки жүз миң сомго чейин пайызсыз насыя бериле баштайт. Ал бизнести же көмөкчү чарбаны кеңейтүү жана колдоо үчүн жумшалышы керек.
Бул тууралуу Биринчи радионун түз эфиринде эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова билдирди. Анын айтымында, каалоочулар насыяны эки банк аркылуу алса болот.
-“Социалдык контракт” программасын ийгиликтүү ишке ашырган жарандарга 200 миң сомго чейин пайызсыз кредит берүү маселеси чечилди. Эки банк – “Айыл банк” жана “Элдик банк” менен келишим түзүлүп, насыя ала турган жарандардын тизмеси банктарга берилди. Пайыздык ченди мамлекет төлөп берет, жарандар негизги суммасын эле төлөйт.
Президенттин демилгеси менен калктын аялуу катмарын жакырчылыктан чыгаруу максатында иштеп жаткан “Социалдык келишим” долбоору аркылуу 2022-2023-жылдары 70 миң адамдын жашоо деңгээли жогорулатылган. Эки жыл аралыгында долбоорго катышкан 13 миңге жакын аз камсыз болгон үй-бүлө 100 000 сомго чейин бир жолку кайтарымсыз жардам алып, өздөрүнүн жеке ишкерлигин жүргүзүп жатат. 2024-жылы да бул долбоор улантылып, 23 миң үй-бүлөгө жеке бизнесин ачууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.