Жаңылыктар
“Ынтымак ордого” саякат жасоо боюнча жобо иштелүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
“Ынтымак ордого” саякат жасоо боюнча жобо иштелүүдө

Жаңы жободо “Ынтымак Ордого” кирип-чыгуу жол-жобосу, шарттары жана талаптары камтылат.

Бул тууралуу Президент жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө секторунун инспектору Жайылбек Дадиев Биринчи радиодогу маегинде билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта жаңы жобо юристтердин кароосунда. Жобо даяр болгондо жарыяланат.

Айрым жарандар имараттын алдына барып, “мени киргизгиле” дейт. Кээ бирлери видео тартып социалдык баракчаларына  жүктөп жатышат. Бул туура эмес. Өткөрмө посттон өткөн адамдардын жүрүм-туруму, кийими коомдук жайда жүрүүнүн талаптарына ылайык болушу шарт. Спирт ичимдиктерин ичип барганга, чылым чеккенге да болбойт. Ошондой эле бир жаран бир гана жолу  киргенге укугу бар. Ал экинчи жолу кирем десе электрондук базадан чыгып калат. Даярдалып жаткан жободо ушуга окшогон жүрүм-турум эрежелери баары майда-чүйдөсүнө чейин камтылат. 

Жайылбек Дадиевдин сөзүнө караганда, азыр каалоочулар көп болуп жаткандыктан күнүнө кээде 8 жолуга чейин саякат уюштурулууда. Бир топ менен отуздан ашуун адам кирет. Каалоочулар сөзсүз түрдө электрондук кезекке турушу керек. Эски Өкмөт үйүнүн түндүк-батыш тарабындагы кабыл алуу бөлүмүнө кайрылышса, электрондук кезекке коюлат. Ошого жараша жарандын кезеги кайсы күнү, саат канчада келери айтылат. Эски аянтта атайын уюштурулган автобустар алып барып, кайра алып келип коёт. Бул саякат жараяны качанга чейин уланары азырынча белгисиз.

Президенттик администрациянын жаңы имараты – “Ынтымак Ордо” 30-августта расмий түрдө ачылган.