Жаңылыктар
Футбол: Кыргызстан менен Иран беттешет
Спорт
Футбол: Кыргызстан менен Иран беттешет

Бүгүн 2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү раундунун алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы Иран курамасы менен беттешет.

Оюн Ирандын Исфахан шаарына жакын 15 миң көрүүчүгө ылайыкташкан Фуладшехр стадионунда өтөт. Аны УТРК Спорт түз алып көрсөтөт. Ошондой эле күйөрмандарга оюнду бирге көрүү үчүн Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтында фан-зона уюштурулат. Башталышы 20:00. 

Эскерте кетсек, 2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын экинчи раундунун алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы тарыхта алгачкы жолу үчүнчү раундга жолдомо камсыздап, 2027-жылкы Азия кубогуна дагы чыкты. Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылкы дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат. Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучуну аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт. 

Өлкөнүн курама командасы Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында орун алган.