Жаңылыктар
Токмокто 920 млн сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Токмокто 920 млн сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды

Токмок шаарындагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен, базар баасы 920 млн сомду түзгөн бала бакча мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1996-жылы Токмок шаарындагы Манап бий көчөсү, 236 дарегинде жайгашкан 2 кабаттуу бала бакча комплекси, пайдалануу аянты 1575,0 чарчы метр жана жалпы аянты 6900,5 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси социалдык объектилерди жеке менчикке ажыратууга тыюу салган ченемдик-укуктук актыларга карабастан, жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип, азыркы учурда максатсыз пайдаланылып жаткандыгы аныкталган.

УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетишсиздиги көйгөйүн эске алуу менен аталган комплекс Токмок шаарынын мэриясынын муниципалитетинин балансына өз багыты боюнча пайдалануу үчүн, б.а. балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине тартуу максатында өткөрүлүп берилди.