Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл 29-августта кол койгон токтомго ылайык, 1-октябрдан тарта пенсия 18 пайызга, башкача айтканда 1000 сомдон кем эмес көбөйтүлөт.
Ошону менен эң аз пенсия 6900 сом болот. Буга чейин пенсия июль айында көтөрүлүп, минималдуу суммасы 3500 сом болгон.
Учурда Кыргызстанда 800 миңдей пенсионер бар. Орточо пенсия азыр 9300 сом.