Мамлекеттик “Asman Airlines” компаниясынын биринчи учагы 6-ентябрда "Манас" эл аралык аэропортуна конду.
Канаданын DeHavilland Aircraft of Canada компаниясынын Bombardier Dash 8 Q-400 учагы 80 жүргүнчүгө ылайыкташкан жана 2 миң чакырымга чейинки аралыкка учууга жөндөмдүү.
Учак Кыргызстандын бардык аймактарына ички каттамдарды аткарат. Билет баасы 2100 сомдон башталат.
Ошондой эле жакын арада экинчи, кийинки жылдын жазында үчүнчү учак келет.
“Asman Airlines” бул учагы 27-сентябрдан тарта бардык багыттар боюнча ички каттамдарга уча баштайт. Жаңы учактын келишине байланыштуу Талас, Нарын, Каракол шаарларына аба каттамдары ачылат.