Жаңылыктар
«Кыргыз-Түрк достугу» ооруканасына Эрдогандын ысымы берилди
Кыргызстан жаңылыктары
«Кыргыз-Түрк достугу» ооруканасына Эрдогандын ысымы берилди

«Кыргыз-Түрк достугу» мамлекеттик ооруканасына Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын ысымы берилди.

Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Мындан ары медициналык борбор «Режеп Тайып Эрдоган атындагы Бишкек Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасы» деп аталат.

Бүгүнкү күндө дарылоо мекемеси коммерциялык эмес уюм болуп саналат, анын ишмердүүлүгү дарылоо-диагностикалык иштин сапатын жакшыртууга жана жарандардын саламаттыгын коргоого багытталган.

Борбордо медициналык тез жардам кызматы, анестезия бөлүмү, терапевттик бөлүм, гастроэнтерология, жалпы хирургия, пульмонология, жүрөк-кан тамыр хирургиясы, кардиология бөлүмдөрү, мындан башка поликлиника жана радиология бөлүмү бар.

Оорукана калкка медициналык кызмат көрсөтүүдөн тышкары, илимий иштерди да жүргүзөт.