Жаңылыктар
Мамлекеттик органдарга элдин ишеними жогорулады
Саясат
Мамлекеттик органдарга элдин ишеними жогорулады

Мамлекеттик органдарга элдин ишеними жогорулады. Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту декабрь айында жүргүзгөн сурамжылоолорунун жыйынтыгын жарыялады. Айрым мекемелерге ишеним жогоруласа, айрымдарына төмөндөп жатат.

Ар бир мекеменин көрсөткүчү ар башкача. 6 ай сайын жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы мамлекеттик органдардын эл ишенимине ээ болуудагы ийгиликтеринде айырмачылыктар жогору экенин аныктоодо. Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту жалпысынан бийликтин калкка кадыры артып баратканын, бирок, чечүүнү талап кылган маселелер да жетиштүү экенин билдирет.

Бул жолку изилдөөлөр элдин мамлекеттик органдарга болгон ишенимин 22 баллга баалады. Бул мындан жарым жыл мурдагыдан 3 жарым баллга жогорулаганын айтып турат. Сурамжылоолорго ар дубандардын тургундары тартылып, жалпысынан 3600 жаран катышкан. Эл жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, Байланыш агенттигине жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине көбүрөөк ишеним артаары байкалды. Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Талант Султанов өзүнүн иштеги жетишкендиктерин далилдей алган, алар тууралуу калкка кабар берип, байланышты бекемдеген органдардын көрсөткүчү жогору экенин айтат.

Сурамжылоолор Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына ишеним төмөн экенин көрсөткөн. Бул мекеменин рейтингдеги эң ылдыйкы сапка жазылышына ар түрдүү жоромол бар. Күч түзүмдөрүн тейлеген мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев абактан качкандардын окуясы, массалык маалымат каражаттарынын сын-пикирлери коомдук пикирди жаратты деген пикирде. Мекемеде чечүүнү талап кылган маселелер арбын.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн эл менен тыгыз иштөөнү талап кылган функциясы алардын рейтингдин сап башында болушун шарттап жатат деген талдоочулар да бар. Дал ушундай пикирди карманган мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу боюнча эксперт Азамат Аттокуров, жалпы көрсөткүчтөрдү дагы жогорулатыш үчүн бардык мамлекеттик органдарды тегиз реформалоо зарыл экенин айтат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен спорт тармагынын өкүлдөрүнө да ишеним жогору экени белгиленди. Жакшы жыйынтыктар калкты тейлөө органдарында да бар. Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун акыркы сурамжылоолорун талдоого катышкан көз карандысыз эксперт Айжан Сатыбекова оң жыйынтыкты көрсөткөн жагдайлар деп буларды айтат.

-Акыркы 4 жылда өкмөткө, мамлекетке ишеним арткандар  көбөйө баштады. Муну мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү оптимизациялоо, алардын  стандарттарын иштеп чыгуу багытындагы аткарылган иштер менен байланыштырсак  болот. Баарыбыз билгендей Мамлекеттик каттоо кызматы жарандардын документке  тездик менен ээ болушу үчүн жаңы системаны ишке ашырды. Ушул сыяктуу көрүнүштөр  менен калк кабардар болуп жатат. Бийлик элге кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу  багытында аракеттерин улантышы зарыл. Анткени нааразычылыктардын көпчүлүгү  мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө жаралган тоскоолдуктардан улам пайда болот.

Сурамжылоолор ар облустарда да ар башкача жыйынтыктарды көрсөткөн. Жалпы мамлекеттик органдарга эң жогорку ишеним Жалал-Абадда болсо, Ысык-Көлдүктөрдүн берген жообу башка аймактарга салыштырмалуу башкачараак. Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту дубандардагы айырмачылыктардын себептери эми изилденээрин билдирет.

Калыгул Асамбаев