Учурда Бишкек шаарындагы жол салуу иштерине чет өлкөлүк жарандар да кол кабыш кылууда. Алардын көпчүлүгү Бангладештен келген жумушчулар. Шаар бийлиги жумушчу күчү жетишпегендиктен сырттан келгендерди ишке алууга аргасыз.
Бирок жол жасап жаткан бангладештиктер тонолгон учурлар бар экенин Бишкек мэринин транспорт жана жол боюнча орун басары Жамалбек Ырсалиев Биринчи радионун “Түз байланыш” уктуруусунда билдирди.
- Кыргыздарды келип жол жаса десең, намыс көрүшүп качышат. Жол жасагандардын көбү бангладештиктер. Аларды да жөн койбой, акчасын тоноп кеткен учурлар бар. Муну ачык айтышыбыз керек. Же өзүбүз кыйратпайбыз же жасап жаткан кишини көрө албайбыз. Анан эле кичине кемчилик кетсе эле, сындап киришет. Бүткөн ишке сынчы көп дегендей. Кыргыздын жакшы өнөрү көрө албастык жана сын айткан жагынан камчы салдырбайт экенбиз,-деди вице-мэр
Ырсалиевдин айтымында, учурда Бишкектеги чоң көчөлөрдөн сырткары 54 майда көчө, тротуарлар жасалууда.