Жаңылыктар
Президенттин маалымат катчысы диний маселеде так эмес билдирүүлөрдү таратпоого чакырды
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттин маалымат катчысы диний маселеде так эмес билдирүүлөрдү таратпоого чакырды

Дин маселесине байланыштуу чагымчыл, так эмес билдирүүлөрдү жасоодон кармануу керек. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

 «Дин маселеси өтө сезимтал. Мындай бурмалоолорго жол берүү “от менен ойногонго” тете. Биринчиден, өлкөдөгү дин чөйрөсүн жалпы жонунан жөнгө сала турган мыйзам долбоорун “даваатка каршы” деп атоо туура эмес. Экинчиден, мыйзам долбоорун дин чөйрөсүндө мыкты түшүнүгү, илими бар аалымдар күн алыс чогулуп кеңири талкуулап, өз сунуштарын берүүдө. Андыктан коомчулукту дин маселесине байланыштуу чагымчыл, так эмес билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырам» , — деди Аскат Алагөзов.

Буга чейин мамлекеттик дин комиссиясы «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун талкууга койгон.

Долбоор 5-сентябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда талкууланган. Анын макулдашылган варианты иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет.