Кыргызстанда чогултулган «Мекен» ноутбуктары сатыкка чыга баштады. Бул тууралуу «Кыргызэлектроника» мамлекеттик ишканасынын директору Илья Черный билдирди.
Анын айтымында, ноутбук көптөгөн иштерди аткара алат жана лицензияланган Windows операциялык тутумун иштетет.
«Мекен» ноутбугу жалпы колдонуучулардын тапшырмаларын аткарууга, иштөө жана окуу үчүн колдонулат. Анын сатыктагы баасы 35 миң сом.
Ошондой эле, ноутбукта Intel Core i5 процессору бар. Экран диагоналы - 14 дюйм, түсү - боз.
Ноутбуктар кийинки жылдан тарта экспорттоло баштайт.