Жаңылыктар
Кыргыз улакчылары Монголия командасын 16:0 эсебинде утту
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз улакчылары Монголия командасын 16:0 эсебинде утту

Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы көкпар боюнча мелдеште Кыргызстандын улакчылары Монголия командасын 16:0 эсебинде утуп алды.

Кыргызстандын курама тобу бул оюндарда көкпар боюнча да, көк бөрү боюнча да таймаштарга катышат. Көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 18 улакчы барган.

Бүгүн кечки беште көк бөрү боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын улакчылары беттешет.

Мелдешти түз эфирде УТРКнын Спорт каналынан жана УТРК ютуб каналынан, Фейсбук баракчабыздан көрүңүздөр.