Жаңылыктар
Көк бөрү: Кыргызстан Өзбекстанды 12:6 эсебинде жеңди
Кыргызстан жаңылыктары
Көк бөрү: Кыргызстан Өзбекстанды 12:6 эсебинде жеңди

Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда бүгүн кечинде Кыргызстан менен Өзбекстандын тандалма улакчылары таймашып, оюн 12:6 эсебинде Кыргызстандын пайдасына аяктады.

Мунун алдында көкпар боюнча мелдеште Кыргызстандын улакчылары Монголия командасын 16:0 эсебинде утуп алган.

Кыргызстандын курама тобу бул оюндарда көкпар боюнча да, көк бөрү боюнча да таймаштарга катышып жатат. Көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 18 улакчы барган.

Мелдешти толугу менен УТРКнын ютуб каналынан көрсөңүз болот.