Жаңылыктар
Көчмөндөр оюндары: Кыргызстан алгачкы эки күндө 14 медаль утту
Кыргызстан жаңылыктары
Көчмөндөр оюндары: Кыргызстан алгачкы эки күндө 14 медаль утту

Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы мелдештердин экинчи күнүнүн жыйынтыгы менен Кыргызстандын улуттук командасы медалдардын саны боюнча 2-орунда келе жатат.

 Азыр кыргызстандык спортчуларда 14 медаль: 3 алтын, 7 күмүш жана 3 коло бар. Маселен, таяк тартыш боюнча 55 килограмм салмактагы Элза Абдыкадырова менен 65 килограмм салмактагы Уланбек Тургунбаев алтын утса, Бекмырза Токтошев жана Элдос Айтбаев күмүш медаль тагынды. Ат үстүндө күрөштөн Жекшенбек Турдубеков менен Райхан Бактыгул уулу да күмүш медаль жеңсе, 3-орунду Калыбек Бусурманкул уулу ээледи. 

Жаа атуудан Исхак Токонов үчүнчү, Асел Садырова экинчи орунду багындырды. Казак күрөшүнөн Байбол Саламат уулу 66 килограмм салмакта 3-орунду алса, Кемал Оболбеков менен Луиза Асакеева 2-орунду ээледи. Өзбек күрөшүнөн Ажар Исаева 3-орунду, Бекболот Токтогонов 1-орунду алды. Мындан сырткары, кыргызстандык улакчылар көк бөрү боюнча Өзбекстандын командасын 12:6, жер улак боюнча Монголиянын командасын 16:0 ири эсебинде артта калтырышты.