Жаңылыктар
Ат-Башыда мурдагы бийлик төбөлү ээлеп алган ири жер мамлекетке өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Ат-Башыда мурдагы бийлик төбөлү ээлеп алган ири жер мамлекетке өттү

Ат-Башы районунда 161,82 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жер тилкенин жалпы баасы имараттары жана курулуштары менен 1 млрд. 24 млн. сомду түздү. УКМК аталган жер тилкесин мамлекетке кайтарды.

Ошондой эле, участокту ээлеп алган жаран жер жана суу көзөмөлдөө кызматы тарабынан белгиленген имараттарды жана курулуштарды курууда жер кыртышынын асыл катмарына зыян келтиргендиги үчүн 1 млн 175 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөгөн.

Белгилей кетсек, буга чейин Нарын облусунун Ат-Башы районундагы токой чарбасынын "Чар" участогунан 2007-жылы 160,9 га жерди мыйзамсыз алган Нарын облустук администрациянын башчысынын мурдагы орун басары кармалган. Мындан тышкары аталган участоктун жанындагы 0,9120 га өлчөмүндөгү жер тилкесин да мыйзамсыз ээлеп алганы аныкталган. Ал жерге уруксат берүүчү документтери жок мейманкана, кафе-бар, ашкана жана сауна курулганы белгилүү болгон.