Жаңылыктар
XVII жайкы Паралимпиадага катышкандар кайтып келишти
Спорт
XVII жайкы Паралимпиадага катышкандар кайтып келишти

Париж шаарында өткөн 17-жайкы Паралимпиадалык оюндарга катышкан спортчулар Кыргызстанга кайтып келишти. Аларды “Манас” эл аралык аэропортунан тосуп алган салтанатка Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дагы катышты. 

Эдил Байсалов паралимпиадачыларды жайкы оюндарга ийгиликтүү катышканы менен куттуктап, алардын жетишкендиги менен сыймыктанарын билдирди. Ошондой эле ал гайддарга, машыктыруучуларга, дарыгерлерге жана спортчулардын жакындарына өзгөчө ыраазычылыгын билдирди. Эске сала кетсек, паралимпиадалык команданын курамында жеңил атлетика боюнча Гүлназ Жүзбаева, триатлон боюнча Айтунук Жоомарт кызы, дзюдо боюнча Маматибраим Суранов жана пауэрлифтинг боюнча Миргүл Болоталиева мелдештерге катышып келди. Аларга 500 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.