Чүйдө прокурордун жардамчысы менен жактоочу пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жактоочу кылмыш ишинин фигурантынан 80 миң сом өлчөмүндө пара алып, ал каражатты Жайыл районунун прокурорунун жардамчысына кылмыш ишин анча оор эмес беренеге жеңилдеткендиги үчүн пара катары өткөрүп берген.
Тергөөнүн жүрүшүндө, жактоочу Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси, ал эми прокурордун жардамчысы 342-берене менен айыпталууда.