Жакынкы аралыкта Бишкек – Москва багыты боюнча поезд каттай баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» маалымдайт.
Маалым болгондой, 18-декабрдан тарта Бишкек-Москва багыты боюнча жумасына эки ирет поезд каттай баштайт.
Эске салсак, бул поезддин багыты 2022-жылы Москва транспорттук түйүнүн реконструкциялоо иштерине байланыштуу Самара бекетине чейин кыскартылган.
Ошондой эле 2025-жылы Бишкек – Казань багыты боюнча поезд жумасына бир жолу, ал эми Бишкек – Новосибирск багыты боюнча поезд 8 күндө бир жолу каттамын улантат.