Жаңылыктар
10 жылдан бери жер тилкелерин мыйзамсыз сатып жүргөн кызмат адамдары кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
10 жылдан бери жер тилкелерин мыйзамсыз сатып жүргөн кызмат адамдары кармалды

Жер тилкелери боюнча коррупциялык схемаларды уюштурган Сузак районунун Атабеков айыл өкмөтүнүн мурдагы жана азыркы кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алар 10 жылдан бери жасалма документтерди колдонуу менен жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун мыйзамсыз сатып жүрүшкөн.

Бул ишке аталган айыл өкмөттүн мурдагы жетекчилери, айыл өкмөтүнүн орун басары, жер боюнча адис, жергиликтүү кеңештин төрагасы жана Сузак райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын мурдагы жетектөөчү адисинин катыштыгы болгон.

Алар жасалма документтерди жана өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын колдонуу менен басып алынган жерлерге укук белгилөөчү документтерди (мамлекеттик актыларды) мыйзамдаштырышкан.

Мындан улам, шектүүлөрдүн жашаган жерлери боюнча тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада кылмышка катышы болушу мүмкүндүгүн тастыктаган документалдык материалдар табылган.

Азыркы учурда Атабеков айыл өкмөтүнө караштуу «Бек-Абад», «Кыргыз-Абад» жана «Түрк-Абад» айылдарынын аймагында жайгашкан 29 жер тилкеси алдын ала мыйзамсыз берилгендиги жана жасалма документтер менен ээликтен ажыратылгандыгы аныкталды.

Объекттер стратегиялык жактан маанилүү жерлерде, аймактар аралык магистралдардын боюнда, ички жолдордо, негизги көчөлөрдө, бизнес жүргүзүү жана ишкердик жүргүзүү үчүн ыңгайлуу болгон калктуу конуштарда жайгашкан. Ар бир участоктун баасы болжол менен 1 миллион сомго бааланган.

Учурда документтерди мыйзамсыз сатуу жана жасалмалоо боюнча кошумча фактыларды аныктоого карата тергөө иштери улантылууда. Кармалган кызмат адамдары УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.