Жаңылыктар
ДКО – 2024: Кыргыз спортчулары дагы 9 медал алды
Кыргызстан жаңылыктары
ДКО – 2024: Кыргыз спортчулары дагы 9 медал алды

Казакстандын баш калаасы – Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын үчүнчү күнүндө Кыргызстандын курама командасы дагы тогуз медал - төрт алтын, эки күмүш жана үч коло топтоду.

Ошентип оюн башталган үч күн аралыгында Кыргызстандын спортчулары жалпы 23 медал - жети алтын, тогуз күмүш жана жети коло медал менен 2-орунда келе жатат. Биринчи орунда азырынча 48 медал менен Казакстан келатат. Бул өлкөдө азыр 21 алтын, 10 күмүш жана 17 коло медал бар.

8-сентябрда ачылган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 13-сентябрга чейин созулат. Ага 90 чакты мамлекеттен 2,5 миңдей спортчу катышууда. Кыргызстандан 253 спортчу барган.

Бүгүн кыргыз көкбөрүчүлөрү Орусиянын улакчылары менен жарым финалда таймашат.