Жаңылыктар
Мамлекеттик экзамен үчүн студенттерден акча талап кылган декан кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик экзамен үчүн студенттерден акча талап кылган декан кармалды

Ош шаарындагы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин финансы-экономика факультетинин деканы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, декан мамлекеттик экзамендерди тапшырууда студенттерден системалуу түрдө акча опузалаган.

Ал Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97-беренелеринин негизинде 48 саатка УКМКнын  убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Белгилей кетсек, буга чейин опузалап акча талап кылуу фактысы менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканы жана анын орун басары кармалган.