Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров өзбекстандык машыктыруучуга унаа белек кылды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров өзбекстандык машыктыруучуга унаа белек кылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 11-сентябрда бокс боюнча өзбекстандык машыктыруучу Акмал Хасановду кабыл алып, Мунарбек Сейитбек уулунун жеңишине кошкон салымы үчүн ага ыраазычылык иретинде унаа белек кылды.

Мамлекет башчысы Акмал Хасанов менен баарлашууда анын бул жасаган кадамы Кыргызстан менен Өзбекстан элдеринин достугун жана биримдигин даңазалаганын баса белгиледи.

“Дүйнө жүзү Борбор Азия элдеринин ынтымагына, достугуна, бири-бирине жан тартып турарына күбө болду. Спортту тынчтыктын элчиси деп аташат. Силер ушундай кадамыңар менен өз ара ынтымакты бекемдөөгө салым кошуп келесиңер. Мындан ары дагы ынтымагыңар бекем болсун”, - деди Садыр Жапаров.

Президент ошондой эле Париждеги Олимпиадасында өзбек спортчуларынын жакшы көрсөткүчтөрүн белгиледи.

“Өзбекстан спортко өзгөчө көңүл бөлөт. Биз акыркы үч жылда гана спортчуларыбызды активдүү колдой баштадык. Мурда мелдештерге катышуу үчүн каражатты өз убагында бере албай калган учурлар болгон. Учурда мамлекет витаминдерге чейин алып берип, бардык зарыл шарттарды түзүп жатат”, — деп мамлекет башчысы баса белгиледи.

Садыр Жапаров Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулу өзгөчө колдоого муктаж болуп турганда Акмал Хасанов баатырдык иш жасаганын өзгөчө айтып өттү.

“Биздин ата-бабаларыбыз илгери баатырларына ат тартуулашкан. Азыр унааларды берүү салтка айланган, бирок салттын мааниси ошол бойдон калууда - бул деген өзгөчө кызматы үчүн урмат-сый жана ыраазычылык билдирүү”, - деп Президент кошумчалады.

Өз кезегинде Акмал Хасанов жылуу сөздөрү үчүн Президентке ыраазычылык билдирип, Мунарбек Сейитбек уулу менен спорттук даярданууларда көп жолу жолукканын жана анын секунданты болууга эч ойлонбостон макул болгонун айтып берди.

Ал ошондой эле Президент Садыр Жапаровду жана бардык кыргызстандыктарды татыктуу жеңиши менен куттуктап, Кыргызстандын спортчулары кийинки Олимп оюндарында алтын медал утуп алышын каалады.