Эртеңден тарта өлкөдө мотоцикл, скутер айдагандарга карата рейд жүргүзүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Мындай чарага адам өлүмүнө алып келген мотоцикл жана скутерлер кабылган жол кырсыктары көбөйүшү себеп болууда.
Ошондуктан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кырсыктардын алдын-алуу үчүн скутер, мотоциклдерге карата чоң масштабдуу рейд жүргүзө баштайт.