Жаңылыктар
“Эркеч-Там” бекетинде "Бажы инфраструктурасынын" кызматкерлерин сабаган 25 адам кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
“Эркеч-Там” бекетинде "Бажы инфраструктурасынын" кызматкерлерин сабаган 25 адам кармалды

УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн тараткан маалыматка караганда, 10-сентябрга караган түнү “Эркеч-Там” көзөмөл-өткөрүү бекетинде, Ош облусунун Алай районунун аймагында бажы кызматын көрсөтүүдө ортомчулук кылган жергиликтүү тургундардан куралган топ иштеп жатканы аныкталган.

Алар аталган бекеттеги бажы ишин монополиялаштыруу менен Кыргызстанга импорттолуучу бардык товарларды кароого алышкан. Ошондой эле товарларды Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан “Каратай” бажы тариздөөчү жерине чейин коштоону көзөмөлгө алып, мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жараткан.

 “Эркеч-Там” көзөмөл-өткөрүү пунктунун режимдик объектисинин шартында "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине (ортомчулар) тарабынан кол салуу фактысы боюнча, 2024-жылдын 10-сентябрында УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында бажы кызматын көрсөткөн 25 адам кармалды. Алар кол салуунун уюштуруучуларын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүү үчүн УКМКга жеткирилди.

«Бажы инфраструктурасы» мамлекеттик ишканасы бажы кызматынын кызыкчылыктарына, анын ишинин натыйжалуулугун жана бажылык жөнгө салуунун сапатын жогорулатуу, чарбакер субъекттер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы №237 токтому менен түзүлгөн. Ишкана мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин жана "ортомчулардын" ортосундагы коррупциялык тобокелдиктерди жоюу, ошондой эле бажыдагы жол-жоболорго кошумча мамлекеттик көзөмөлдү киргизүү аркылуу өз алдынча бажы кызмат көрсөтүүлөрүн жүзөгө ашыруу функцияларын жөнгө сала баштаган. Мындай демилге "ортомчулардын" ачык нааразычылыгын жаратты. Буга байланыштуу чагымчыл жаңжалдар уюштурулуп, бул "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерин сабоого алып келди.