Нарын шаарында жүргүзүлгөн инвентаризация жумуштарынын алкагында 18 миң 228 чарчы метр жер аянты мамлекетке кайтарылды.
Жумуштар КР Президентинин 2022-жылдын апрелиндеги “Жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндөгү” №109 Жарлыгынын жана Нарын шаардык мэриясынын “Мыйзамсыз курулуштарды аныктап буздуруу жөнүндөгү” буйругунун алкагында жүрүүдө.Өткөн жылдан бери аткарылган иштердин натыйжасында 2 миңден ашык кызыл сызыктан чыгып кеткен тосмолор, мыйзамсыз куруп алган курулуштар, мыйзамсыз пайдаланылган жер аянттары аныкталган.
“Жер аянттарын коруп мыйзамсыз пайдаланып жүргөндөргө, жеңил конструкция менен курулган курулуштарга, соода күркөлөрү, павильон, тор тосмо ээлерине 30 күндүк мөөнөттө алуу боюнча алгач билдирүү беребиз. Бул убакытта билдирүүнүн талаптарын аткарбаса укук коргоо органдарына кайрылууга аргасыз болобуз дагы мыйзам чегинде алдыруу иштери жүргүзүлөт. Негизинен көбүнчөсү эле туура түшүнүп өздөрү жылдырып, курулуштарын алып жатышат. Бирок ошентсе дагы 20дай билдирүү ээлери боюнча сотко кайрылдык. Өткөн жылдан бери 2 миңден ашык чарба курулуштары аныкталып,18 миң 228 чарчы метр жер баштапкы калыбына келтирилди”,- деди Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын бөлүм башчысы Алтынбек Молдоканов.
2019-жылдан бери Нарын шаарынан 50 миң чарчы метр жер баштапкы абалына келтирилип, мыйзамсыз курулуштар алынып, жер аянттары бошотулган.Аталган кызмат калаадагы бардык турак жайларды, муниципалдык жерлерди электрондук базага киргизүү аракетинде. Бул үчүн Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасына долбоор сунушталган. Ал колдоо тапса, дрондун жардамында ар бир жер аянтынын картасы чийилип базага киргизилет. Мында өз билемдик менен коруп алган жерлерди дагы аныктоо кыйла жеңилдейт.