Жаңылыктар
Элеттик балбан дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда күмүш медал тагынды
Кыргызстан жаңылыктары
Элеттик балбан дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда күмүш медал тагынды

Казакстанда өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда жумгалдык балбан күмүш медал тагынды. Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын маалымат кызматы кабарлашынча, Чаек балдар-уландар спорт мектебинин машыктыруучусу Шатмен Эсенбек уулу Казакстанда өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда казак күрөшү боюнча 82 кг. салмакта күрөшүп, күмүш медалга ээ болду.

Шатман Эсенбек уулу Түркиянын Изник шаарында өткөрүлгөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда “Аба” күрөшүнөн коло медалын жеңип алган. Ал ошондой эле дзюдо жана самбо боюнча Азиянын чемпиону жана башка бир нече жолку эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.