“Нарын мото” заводу ишке кирип, анда куралган моточиркегичтер саттыка чыкты. Завод Ат-Башы районундагы Кара-Булак участкасында курулган Эл аралык соода-логистикалык борбордо жайгашкан. Заводдо кытай өнөктөштөрдүн колдоосу менен эки, үч, төрт дөңгөлөктүү мото техникалар куралып чыгууда.
Мото техникалар боюнча коомчулукка маалымат берилип, техникалар көргөзмөгө коюлду. Анда кыргыз-кытай биргелешкен “Нарын мото” жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлдөрү маалымат берип, техникалардын өзгөчөлүгүн белгилешти.
“Нарынмото” аталышындагы айыл чарба техникалары 400 килограммдан 2 тоннага чейин жүк көтөрө алат. Унаалардын электр кубаты, күйүүчү май менен жүрүүчү, үстү ачык, үстү жабык, жайы-кышы менен чарба иштерин жүргүзүүгө ыңгайлуу түрлөрү бар. Сатыкка чыккан баасы түрүнө жараша 90 миң сомдон 190 миң сомго чейин.
Ошондой каалоочулар “Мбанк”, “Компаньон” банктары аркылуу 3 айдан 3 жылга чейинки мөөнөттө бөлүп төлөө шарты менен насыяга алышса болот.