Жаңылыктар
ДКО - 2024: Теңиртоолук балбандар бир алтын жана бир күмүш утту
Кыргызстан жаңылыктары
ДКО - 2024: Теңиртоолук балбандар бир алтын жана бир күмүш утту

Ак-Талаанын Жаңы-Талап айылынын эки балбаны Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда эр эңиш боюнча теңиртоолук балбандардын куржунун бир алтын, бир күмүш медал менен толукташты.

Казакстандын Астана калаасында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда аталган айылдын тургундары, балбан Ислам Бердибеков 90 килограмм салмактагылар арасында алтын медал тагынып, 500 миң казак теңгесине ээ болсо, Жекшенбек Турдубеков 60 килограмм салмактагылар арасында күмүш медалды жеңип, 200 миң теңгеге татыды. 

 V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 11-сентябрда кыргыз спортчулары алыш күрөшүнөн жети медал - үч алтын, бир күмүш, үч коло утту.

Ушуну менен Кыргызстандын курама командасы азыр жалпы 38 медал - 10 алтын, 13 күмүш, 15 коло медал менен үчүнчү орунда келе жатат. Биринчи орунда 69 медал менен (27 алтын, 17 күмүш, 25 коло) Казакстандын курама командасы, экинчи орунда 11 алтын, 12 күмүш, 9 коло уткан Өзбекстандын спортчулары келатат.