Учурда Канададан Кыргызстанга алынып келген учакты учуруу боюнча жарандык авиациадан өтүү жараяны жүрүүдө. Бул процесс толук аяктаган соң алгачкы каттам Ош шаарына учурулат. Андан кийинки каттам Таласка жасалмакчы. Бул тууралуу “Асман аба жолдору” авиакомпаниясынын жетекчиси Жолдошбек Айдаралиев бүгүн Биринчи радиодогу маегинде билдирди.
6-сентябрда “Асман аба жолдору” компаниясынын алгачы учагы “Манас” аба майданына конгон. Учак өлкөдөгү ички каттамдарды аткарат. Билет баасы 2100 сомдон башталат.
Билет баалары:
Бишкек — Жалал-Абад – 3100
Бишкек — Талас – 2100
Бишкек— Баткен – 3300
Бишкек — Раззаков – 3300
Бишкек — Казарман – 3100