Жаңылыктар
ДКО – 2024: Кыргызстан үчүнчү орунда
Кыргызстан жаңылыктары
ДКО – 2024: Кыргызстан үчүнчү орунда

Асатанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 11-сентябрда кыргыз спортчулары алыш күрөшүнөн жети медал - үч алтын, бир күмүш, үч коло утту.

Ушуну менен Кыргызстандын курама командасы азыр жалпы 38 медал - 10 алтын, 13 күмүш, 15 коло медал менен үчүнчү орунда келе жатат. Биринчи орунда 69 медал менен (27 алтын, 17 күмүш, 25 коло) Казакстандын курама командасы, экинчи орунда 11 алтын, 12 күмүш, 9 коло уткан Өзбекстандын спортчулары келатат.

Кыргызстандын көк бөрү жана көкпар боюнча курама командалары бүгүн Казакстандын тандалма улакчылары менен финалдык мелдешке чыгат.

8-сентябрда ачылган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 13-сентябрга чейин созулат. Ага 90 чакты мамлекеттен 2,5 миңдей спортчу катышууда. Кыргызстандан 253 спортчу барган. Анда спорттун 21 түрүнөн мелдештер өтүүдө.