Казакстандын баш калаасы - Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында бүгүн кечинде көк бөрү боюнча финалдык беттештер аяктады.
Финалда Кыргызстан менен Казакстандын курама командалары таймашып, кыргыз улакчылары 10:4 эсебинде жеңишке жетти.
Кыргызстандык көкбөрүчүлөр биринчи бөлүктө тай казанга беш улак салса, казак тарап араң бир улак таштаганга жетишти. Экинчи бөлүктө эсеп 8:3 болсо, үчүнчү айлампада кыргыз көкбөрүчүлөрү дагы эки улак салды. Оюн бүтөрүнө аз калганда казак тобунун оюнчусу дагы бир улак салып, мелдеш 10:4 эсеби менен аяктады.
Көк бөрү боюнча жарым финалда Казакстан Түркияны 15:1, Кыргызстан Орусиянын курама тобун 11:6 эсебинде жеңип, финалга чыккан эле.
Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасы ушуну менен Көчмөндөр оюндарында бешинчи жолу чемпион болду.
Мунун алдында көкпар боюнча финалдык беттеште да казак жана кыргыз улакчылары таймашып, казак тарап 5:4 эсебинде жеңишке жеткен.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында бул ирет көк бөрү жана көкпар боюнча мелдештер өз-өзүнчө өтүп, көк бөрүгө алты, көкпар таймаштарына тогуз команда катышты.
8-сентябрда ачылган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 13-сентябрга чейин созулат. Ага 90 чакты мамлекеттен 2,5 миңдей спортчу катышууда. Кыргызстандан 253 спортчу барган. Анда спорттун 21 түрүнөн мелдештер өтүүдө.